• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Коңшулар менен чек ара маселесин чечүү аймактык коопсуздукту чыңдайт

Аналитика 0

Союз тарагандан кийин, Борбор Азия өлкөлөрү эгемендүүлүкө ээ болуп, ар бири өз алдынча саясат жүргүзгөнү менен алгач бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушкан. Мурунку байланыштар үзүлүп, ар бири экономикалык кризиске капталган. Ошол эле учурда, эч нерсеге карабай көз карандысыз мамлекет катары чек ара маселелерин чечиш керек эле. Бирок, бийлик башындагылар калктын күнүмдүк жашоодогү көйгөйү болгон азык-түлүк, айлык-акылар, пенсия, соода-сатыкка окшогон башка тармактарга көбүрөөк көнүл буруп, чек араны тактоо ойлоруна деле келген эместей.

Жылдап чечилбеген чек ара маселеси акырындап чыңалып отуруп, коңшу мамлекеттер арасында келишпестиктерди жаратып, атүгүл ар кандай коркунучтардын булагы болуп, масштабдуу чыр-чатактардын дагы себебине айланган. Мына ошол себептүү убагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара кызматташуусу да кечеңдеп, өнүкпөй келген.

Кыргызстан Кытай жана Казакстан менен болгон чек ара маселелерин 90-жылдар аралыгында компромисстик макулдашуулардын негизинде чечип алган. Ал эми Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери менен Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев тил табыша алган эмес. Коңшу өлкөлөрдүн бул президенттери мурунку партиялык номенклатурасынан бийликке келгендери маалым. Балким ошондон уламбы, айтор биздин өлкө башчыны башка мамлекеттер тең ата көрбөй, өзгөчө Өзбекстандын президенти Ислам Каримов басмырлаганы бар. “ Акаев – өлкө башчы эмес. Ал болгону окумуштуу”,- деп айтканы буга далил.

Акаевден кийинки президенттер деле чек ара боюнча баштарын ооруткусу келген эмес. Бирок чек ара маселеси канчалык татаал болсо дагы чечилиш керек эле. Садыр Жапаров бийликке келээри менен менен кырдаалды өзгөртүп, коңшулар менен чек араны делимитациялоо процессин баштоого саясий эркин көрсөтүп, Ташкент, кийинчерээк Душанбе менен сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Эксперттер белгилегендей, Борбор Азия республикаларынын ортосунда так кесе көрсөтүлүп чийилген чек аралар болгон эмес. Ошого карабастан байыркы замандан бери коңшу элдер жанаша жашап, кылымдар бою элдик дипломатиянын күчү менен тынчтыкты жана ынтымакты сактоого аракет кылып келишкен. Советтер Союзунун тушунда мамлекеттер ортосундагы чек ара административдик, башкача айтканда ачык болгон. Кийин гана бул аймактарда чек ара посттор орнотулуп, болжолдуу чийилген жерлер тикенектүү зымдар менен курчалган. 90-жылдары коңшу Өзбекстан куралдуу күчтөрүн жайгаштырып, аймак биздики деген таризде Кыргызстанга кыр көрсөткөн учурлар катталган. Ар тарап өздөрүнүн географиялык карталарын алып чыгып талаштуу аймактар ​​пайда болгон. Албетте, бул пикир келишпестикке жана түшүнбөстүктүкө алып келген.

Бийлик алмашып, мамлекеттерди жаңы лидерлер башкаргандан кийин гана Бишкек менен Ташкент тил табышты. Президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев саясий-дипломатиялык жол менен улуттук кызыкчылыктарды эске алып, ишенимге, урмат-сыйга жана достукка негизделген эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссия түзүп, чек араны эки өлкөгө ылайыктуу демаркациялоо келишиминин вариантын иштеп чыгышты. Албетте, бул оңой болгон жок. Себеби, келишим аймактарды алмашууну камтыган. Бул кадамсыз компромисске келүү кыйын эле. Чек араны тактаганда эки тарап тең утууга ээ болбойт. Бул жерде бир гана, эки өлкө абдан муктаж болуп турган тынчтык утат. Тагыраак айтканда, бул аймакта тынчтык өкүм сүрөт.

Макулдашуунун жыйынтыгында Кемпир-Абад суу сактагычын азыр кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы башкарат, ал суу сактагычка сууну толтурууну жана платинанын суусун агып чыгуусун, калктын муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын эске алуу менен жөнгө салынып турат. Ошентип, кыргыз-өзбек чек арасы дипломатиянын күчү менен, эки тарап өз аймактарын курмандыка чалып, чек арада тынчтык менен тартип орноду.

Эки коңшу өлкөнүн ортосундагы чек ара маселеси чечилгенден тартып чоң өзгөрүлөр башталды. Дароо эле өтмөк бекеттери ачылып, жарандар мурдагы союз учурундай катташа баштады. Соода жүгүртүү, жук өткөрүү жанданды. Өзбекстанда эрте бышкан мөмө-жемиштер Кыргызстандын базарларында пайда болду. Эмгек мигранттар дагы келип, суроо-талапка ээ болгон жумуш орундары менен камсыз болду. Эки жака каттаган туристтердин саны көбөйдү.

Ал эми Тажикстан менен чек араны тактоо процесси бир топ татаал болду. Талаштуу аймактар боюнча компромисстик варианттарды издеп жатканда, чыр-чатактар ​​болуп, аскер бөлүктөрү аралашып кетип, карапайым жергиликтүү тургундар менен кошо аскер кызматкерлери дагы жабыр тартып калды. Ошого карабастан, эки тараптын президенттери позицияларынан тайбай, бардык пикир келишпестиктерди саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чечкиндүү турушуп, макулдашууга жетишишти. Сүйлөшүүлөр башталып, ага эки мамлекеттин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов тынбай жолугуп жатышты. 2024-жылдын күзүндө “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Бишкек менен Душанбе бардык талаштуу маселелерди чечүүгө жакын калганын билдирген.

«2021-жылдын апрель айында да, 2022-жылдын сентябрында да Тажикстан менен чек арада чыр-чатактар ​​болгонун баарыбыз билебиз. Ооба, ал жердин рельефи абдан татаал жана кээ бир жерлерде чек ара огороддор аркылуу, ошол эле конуштагы үйлөрдүн ортосунан өтөт. Албетте, бул чыңалууну жаратты. Азыр биз үй тилкелерине чейин ​​киришип жатабыз. Биздин өлкөлөрдүн лидерлери бир нече жолу жолугушкан. Бул маселелер боюнча жана акыркы сүйлөшүүлөрдө, биз ага чекит коюу үчүн процессти тездетүү жана жакынкы аралыкта келишимге кол коюу боюнча макулдаштык», — деген Марат Иманкулов.

Өз ара пикир келишпестиктерди жоюп, чек арада достук көпүрөлөрүн түзүп, Борбордук Азия өлкөлөрү ишенимге жана урматтоого негизделген чоң кызматташтыктын мейкинин түзө алышат. Коңшулардын ортосунда пикир келишпестиктер жоюулуп, достук мамилелер орносо, биргелешип экономикалык долбоорлорду ишке ашырып, аймактарды өнүктүрүп, жалпы көйгөйлөрүн чече алат.

2024-жылдын декабрында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев, тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен Баткендеги өкмөттүк делегациялардын жолугушуусунан кийин, Кыргызстан менен Тажикстан, өзгөчө чек ара аймактарынын тургундары көп жылдар бою күткөн маанилүү билдирүүнү жасашкан.

«Бүгүн чек араны макулдашуунун тарыхый учуру деп толук жоопкерчилик менен айта алам. Алдыда юридикалык кагаз иштери бар, эки өлкөнүн парламенттери тарабынан ратификациялоо жана мамлекет башчыларынын кол коюусу калды. Бир нече айдын ичинде чек араны делимитациялоо маселелерин аягына чыгарабыз деп ойлойм, өкмөттөр аралык комиссиянын бардык мүчөлөрүнө ыраазычылык билдиргим келет», — деген Камчыбек Ташиев.

Ошол эле учурда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов жумушчу топторго жыйынтыктоочу документтерди даярдоо процессин баштоо тапшырмасы берилгенин белгиледи.

«Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселеси эки өлкөнүн лидерлеринин саясий эркин аткаруу менен иш жүзүндө чечилди деп ишенимдүү түрдө билдирем. Топографиялык-укуктук маселелер боюнча өкмөттөр аралык комиссияга бул маселени тактоо жана аяктоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Кийинки кезекте укуктук каттоо маселеси турат жана биз Тажикстан Республикасы менен Кыргызстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо боюнча мамлекеттер аралык макулдашууга жетишип жатабыз», — деген Саймумин Ятимов.

Эксперттер белгилегендей, сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы чек ара аймактарындагы чыңалууну азайтат. Албетте, бул коопсуздукту камсыз кылып, чыр-чатактарды мүмкүн болушунча болтурбоо үчүн маанилүү фактор. Чек ара боюнча макулдашууга жетишүү эки тараптуу кызматташууга жол ачат. Учурда Өзбекстан менен болгон соода-сатык, жүк жүгуртүү, жарандардын катнашы, Тажикистан менен дагы ушундай тездикте болот деген үмүт чоң.

Бул макулдашуулардын артынан чек ара аймактарында тынчтык өкүм сүрүп, инвестиция тартууга, анын ичинде жолдорду, логистикалык борборлорду жана башка объектилерди курууга шарттар түзүлөт. Албетте, эки өлкөнүн мамилелери ишенимге жана урматтоого таянып, мындан ары дагы өнүгөт. Ынтымак – ийгиликтин башаты. Коңшуларда ынтымак болсо аймактарды өнүктүрүү, жалпы көйгөйлөрдү чечүү оңой болот.

Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий