Кочкор-Ата шаарында эки жаңы балдар бакчасы ачылды

Коом 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарында бүткөрүлгөн эки жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчулугүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, имараттарды ачылуу аземине КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Ноокен районунун акими Нурлан Шаршеналиев, шаар мэри Алтынбек Жумаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Кочкор-Ата шаарында жаңыдан бүткөрүлгөн "Ландыш" бала бакчасы 100 орунга ылайыкташкан. Аны курууга Ноокен райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сомго жакын каражат сарпталган. Курулушу 2019-жылы башталып, "Север юг строй" ЖЧКсы аткарган.

Шаардагы пайдаланууга берилген дагы бир бала бакча №45 "Наристем" мектепке чейинки билим берүү мекемеси 175 орундуу. Имараттын курулушу толук жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 31 миллион сом акча каражаты ажыратылган.

Облус башчысы аймактагы калктын муктаждыктарын камсыздоо максатында бир катар социалдык объектилердин курулушу жүрүп жатканын, алдыда бул аракеттер дагы да улантылаарын билдирди. Аны менен бирге жаңы бала бакчалардан мыкты билим алган уул-кыздар тарбияланып чыгышына үмүт артаарын айтты.

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жалпы 9 мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар. Алар муниципалдык, ведомстволук жана жеке менчик бала бакчалар.

Пикир

Оставить комментарий