• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кочкор менен Ысык-Көлдө эл чогулуп жатат деген маалымат жалган - ИИМ

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Учурда социалдык тармактарда Кочкор, Ысык-Көлдө элдер чогулуп жатат деген жалган маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

Ал жарандарды мындай жалган маалыматтарга ишенбөө керектигин айтты.

"Учурда бардык облустарда абал тынч. Ал эми таралып жаткан жалган маалыматтар боюнча ички иштер органдары тарабынан тийиштүү юридикалык баа берилет", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү.

Пикир

Оставить комментарий