Кочкор районунда кышка даярдык маселесинде кемчиликтер бар - Энергетика министрлиги

Аймак 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселесинде бир катар кемчиликтер бар.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул катачылыктар КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү Нарын облусундагы энергетикалык объектилердин жана социалдык мекемелердин от казандарынын жылытуу мезгилине карата даярдыгын текшерген учурда маалым болду.

Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Эркин Тавашаров Кочкор райондук ооруканасынын аба чубалгысы коопсуздук эрежелерине дал келбей турганын белгиледи.

«Оорукананы 0,4 киловольттуу аба чубалгысы тийиштүү деңгээлде тартылбай, ылдыйлап калган. Бул шамал болсо зымдардын бири-бирине тийишип, от чыгышына алып келет. Анын кесепетинен ооруканага электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Мындан тышкары, оорукананын трансформатору кулпу менен эмес, зым менен бекилген. Аны кимдир бирөө же балдар ойноп ачып көрбөйт деген кепилдик жок. Коопсуздук талаптары бузулган», - деди Эркин Тавашаров.

Бул кемчиликтерди жоюу боюнча энергетиктерге тапшырма берилди.

Мындан тышкары, райондук ооруканын үч от казанынын бирөөсүн тез аранын ичинде ремонттон өткөрүү сунушу берилди.

Ошондой эле комиссия Нарын шаарындагы энергетикалык объектилердин жана бюджеттик мекелердин от казандарынын кышка даярдыгын текшерди. Текшерүүнүн натыйжасында Нарын шаарындагы «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын 6/35 кВ көмөк чордонунда резервдик трансформатор жок болуп чыкты. Бул боюнча ишканага кошумча трансформатор алуу сунушу айтылды.

Муну менен катар социалдык жана энергетикалык объектилерге электр энергениясын үнөмдөөчү LED лампаларды орнотуу сунушу киргизилди. Анткени аталган жайларда эски стандарттагы лампалар колдонулуп келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий