• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто шаардыктар үчүн жаңы эс алуу аймагы курулууда

Аймак 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Оштогу А. Навои эс алуу жайынын бир бөлүгүндө шаардыктар үчүн жаңы эс алуу аймагы курулууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун Оштун мэри Бакытбек Жетигенов Сай-Бою көчөсүндөгү А. Навои эс алуу жайы менен “Ферас” бассейнинин ортосунда жүрүп жаткан жаңы эс алуу аймагынын курулушу менен жеринде таанышты.

Мында жарандардын эс алуусу үчүн амфитеатр, памп-трек, скейт-парк, воркаут, балдар ойноочу аянтчалары, сейилдөө үчүн сквер, оргумалар курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Ош шаарынын мэриясы жана АРИС уюму менен биргеликте шаар аймагынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, шаар тургундарына жагымдуу шарттарды түзүү максатында макулдашылган “Аймактарды экономикалык өнүктүрүү” беш долбоордун алкагында ишке ашырылууда. Долбоорду толугу менен аягына чыгаруу жана пайдаланууга берүү 2024-жылдын сентябрь айына каралган.

Пикир

Оставить комментарий