• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кочкор районунда кыска мөөнөттүү он бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда кыска мөөнөттүү он бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелери 16-апрелде ачылган.

Жалпы облус боюнча кыска мөөнөттүү дагы 69 бакча түзүлөт. Алардын райондор боюнча бөлүштүрүлүшү:
• Жумгал району – 10;
• Кочкор району – 20;
• Нарын району – 24;
• Ат-Башы району – 18;
• Ак-Талаа району – 6;
• Нарын шаары – 1.

Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Эскерте кетсек, 2016-2018-жылдары министрлик өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачкан. Алар учурду ийгиликтүү иштеп келет.

Пикир

Оставить комментарий