Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен бала табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районунда Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жашар бала чөгүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери жыйынтык бере элек.
16-ноябрь күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында 3 куткаруучу тартылды.
17-ноябрь күнү издөө иштери улантылат.
Пикир
Оставить комментарий