• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кочкор жана Жумгал райондорунда коронавирус илдетин алдын алуу максатында комплекстүү иш-чаралар өткөрүлүүдө – ИИМ ЖКККББ

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунда жол көзөмөлчүлөр коронавирус илдетин алдын алуу максатында комплекстүү иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдын алкагында Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунда жол көзөмөлдөөчүлөр жолдогу коопсуздук менен эле бирге жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Башкармалыктан белгилешкендей, Кочкор районунун “Сары-Чат” санитардык-карантиндик көзөмөл постунда Ысык-Көл, Чүй аймактары аркылуу каттамда жана Жумгал районундагы “Арал” санитардык-карантин постунда түштүк багыттан жана Чүй өрөөнүнөн өткөн каттамдарды жол кыймылынын көзөмөлдөөчүлөрү тыкан көзөмөлгө алып күчөтүлгөн тартипте текшерүү жана жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

“2020-жылдын 25-мартынан бүгүнкү күнгө чейин Кочкор жана Жумгал РИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери тарабынан 44 одоно жол эрежесин бузган фактылар аныкталган. Анын ичинде 8 айдоочу спирт ичимдигин ичип алып жүргөн жеринен кармалып, протоколдор түзүлгөн. Жалпысынан өзгөчө кырдаал шарттарын бузган 34 унаа атайын унаа токтотуучу жайларга киргизилип, айдоочуларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин негизинде чара көрүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий