• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чет жерде 4 миң 371 кыргызстандык жаран өлкөгө келүүнү күтүп жатат – Боронов

Коом 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Чет жерде 4 миң 371 кыргызстандык жаран өлкөгө келүүнү күтүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, коронавирус чыккандан бери бүгүнкү күнгө чейин чет жерден 6 миңден ашык жаран өлкөгө алынып келген. 2-февралдан баштап жалпы 35 чартердик каттам уюштурулган.

"Бүгүнкү күнү 4 миң 371 адам өлкөгө келүүнү көздөп жатат. Алардын ичинен Москва, Екатеринбург, Новосибирскте – 2 миң 716 киши, Беларуста – 29, Азербайжанда – 3, Грузияда –11, Украинада – 15, Казакстанда – 6 киши", - деди ал.

Анын айтымында, учурда БАЭде өлкөгө келүүнү каалаган 355 киши бар, Эфиопияда – 1, Оманда – 5, Индияда – 121, Мальдив Республикасында – 3, Шри-Ланкада – 1, Бангладеште – 6, Малайзияда – 16, Индонезияда – 9, Таиландда – 21, Вьетнамда – 1, Кувейтте – 25, Бахрейнде – 3, Катарда – 6, Кытайда – 5, Түштүк Кореяда – 20, Сауд Аравияда – 3, Пакистанда – 135, Японияда – 19, Иранда – 7, Иорданияда - 1, Конгодо – 2, Филиппинде – 1 киши.

"Андан тышкары Түркияда 487 киши өлкөгө келүү каалоосун билдирип жатат, Бельгияда – 3, Францияда – 14, Улуу Британияда – 17, Швейцарияда – 2, Италияда – 10, Испанияда – 6, Литвада – 5, Латвияда – 1, Эстонияда – 1, Польшада – 55 , АКШда – 135, Канадада – 2, Германияда –32 , Австралияда – 9, Словакияда – 14, Чехияда – 4, Грецияда – 4, Венгрияда – 24", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий