Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Кочкордо бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн (азыркы учурда Ормон-Хан айыл өкмөтү) жана Кочкор райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу менен аталган айыл аймакта жайгашкан бала бакчанын имаратын жана жер тилкесин жеке тараптын менчигине берип салышкандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кочкор РИИБдин Тергөө кызматына тапшырылды.
Ошону менен катар жеке тараптын бала бакчанын имаратына жана жер тилкесине карата болгон укук аныктоочу документин жана анын каттоосун жараксыз деп табуу жөнүндө сот органдарына доо арыз келтирилип, учурда каралууда.
Прокуратура органдары тарабынан мыйзамсыз жеке жактарга өтүп кеткен социалдык объектилерди кайтаруу боюнча иш аракеттер улантылууда.
Пикир
Оставить комментарий