• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Арал постундагы жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөө алынды

Аймак 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Арал постундагы жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр бүгүн, 12-январь эртең мененки саат 08:30да алынган.

Учурда Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, жүк ташуу унаалардын өтүшүнө чектөөлөр күн мурун, 11-январь саат 17:00дөн баштап киргизилген.

Мындай чаралар Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий