• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында гүл отургузуу иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Кечээ, 11-апрелде, Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы шаар аймагына гүлдөрдү отургузуу ишин баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган мекеме бул жылы шаардын эс алуу бактарына, аллеяларга, жол жээктерине, мекеме-ишканалардын айланасына 10 түрдөгү 185 миң даана гүл көчөт отургузат.

Белгилей кетсек, алардын арасында өткөн жылы эгилбеген жаңы түрдөгү циния, целония, герань, хрезантема сыяктуу гүлдөр бар.

Пикир

Оставить комментарий