• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кочкордо мыйзамсыз аңчылык кылган жарандарга 32 миң сом айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Кочкордо мыйзамсыз аңчылык кылган жарандарга 32 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-февралда Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Кужур участкасында аталган райондун тургундары эч кандай уруксат кагаздары жок улар атып келе жаткан жеринен кармалган.

Кармалган 2 жаранга 10 миң сомдон 20 миң сом айыппул салынды.

Ошондой эле ал жарандарга "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксасынын” негизинде дагы 6 миң сомдон 12 миң сом айыппул салынды.

Пикир

Оставить комментарий