• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Сузактын Ырыс айылында ири сүт заводунун курулушу аяктоодо

Аймак 0

Бишкек, 08.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Ырыс айылында ири сүт заводунун курулушу аяктоодо. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев аталган заводго барып, иш ыргагы менен таанышты. Учурда күнүнө 150 тонна сүттү кайра иштетүүчү заводдун курулуш иштери 90 пайызга аяктап калды.

Ишкана жеке ишкер тарабынан курулуп, жергиликтүү бийлик колдоо катары 2 гектар жер аянтын бөлүп берген.

Пикир

Оставить комментарий