Бишкек, 16.10.20./Кабар/. Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жашар бала чөгүп кеткен. Буга чейин жүргүзүлгөн издөө иштери жыйынтык бере элек.
15-октябрь күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында саат Кочкор райондук №42 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылды.
Бүгүн, 16-октябрь күнү издөө иштери улантылат.
Пикир
Оставить комментарий