Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Кочкордо сууга чөккөн баланы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жашар бала чөгүп кеткен.
27-октябрь күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылган. Издөө иштери жыйынтык бере элек.
Бүгүн, 28-октябрь күнү издөө иштери улантылат.
Пикир
Оставить комментарий