• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ысык-Көлдүн жайлоосунда Россиянын жараны жоголуп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 17.07.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун жайлоосунда үй-бүлөсү менен эс алууга келген Россиянын жараны жоголуп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 16-июлда Россиянын жараны (К.А.В.) арызы менен Ак-Суу районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылган.

Маалыматка караганда, 15-июлда анын үй-бүлөсү (5 адам) Каракол – Алакөл жайлоосуна көпүрөдөн өтүп, отун алып келүү үчүн барышкан, анын 1992-жылы туулган кызы көпүрөнүн аркы өйүзүндө калган, натыйжада ал дайынсыз жоголгон.

Издөө иштерине Ак-Суу районунан 12 куткаруучу, Каракол шарынан 5 куткаруучу, ошондой эле райондук ички иштер органдарынан 15 кызматкер тартылган.

16-июлдагы издөө натыйжа берген эмес, издөө иштери бүгүн дагы уланат.

Пикир

Оставить комментарий