• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кочкордун Кум-Дөбө айылында кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Нарын облусундагы Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында стим грант аркылуу курулган кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаштарды колдоо жана спортко кызыктыруу максатында Кум-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан кичи футбол аянтчасынын долбоору дайындалып, стим грантка тапшырылган. Жыйынтыгында долбоор колдоого алынып, тендер жарыяланып, 2 млн 775 миң сомго футбол аянтчасы курулду.

Аянтты ачуу аземине Нарын облусунун башчысынын орун басары Элмира Садыкова, Кочкор районунун акими Эрмекбай Омошев жана Кум-Дөбө айылынын эли катышты.

Иш-чарада кичи футбол боюнча турнир уюштурулуп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий