Кой-Таш окуясы. Соттук териштирүүлөр дагы эки айга узартылды

Коом 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Кечээ Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы – Алмазбек Атамбаев жана башкаларды айыптоо боюнча соттук отурум өттү.

Соттук отурумдун жүрүшүндө соттук териштирүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө маселе каралды.

“Бул кылмыш иши боюнча мөөнөт 2 айга, башкача айтканда 2021-жылдын 27-декабрынан 2022-жылдын 27-февралына чейин узартылган. Айыпталуучунун баш коргоо чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү маселеси каралган жок”, - деп билдирди соттон.

Буга байланыштуу адвокаттардын айыпталуучу экс-депутат Равшан Жеенбековдун баш коргоо чарасы жокко чыгарылгандыгы тууралуу айткандары чындыкка дал келбейт.

“Белгилей кетсек, бул кылмыш иши боюнча айыпталуучулар А.Атамбаев менен Ф.Ниязовго карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган эмес”, - деп түшүндүрдү соттон.

Пикир

Оставить комментарий