• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Баткен: Бүргөндүдө милиция эл аралап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында мал уурулукту алдын алуу боюнча Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери ар бир турак үйлөргө кирип, эл көп чогулган жерлерде, мечиттерде кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле мал-жандыктарын кароосуз калтырып, арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин милицияга мал жоголду деп кайрылган арыздар көп болуп атканын айтышты.

"Мал жандыктарды кароосуз талаага калтырбай атайын артынан нөөмөт менен кароону, мал сарайларын кечинде бекитүүнү эскертишип, көчөдө 2-3 күн кароосуз жүргөн малдардын ээлерине акт түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жыл башынан бери бул аймакта мал уурулук боюнча 5 факт катталып, бешөөнүн тең бети ачылган.

Пикир

Оставить комментарий