• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Комада, абалы оор. Ысык-Көлдө унаа коюп кеткен жол тескөөчүнүн абалы айтылды

Ден соолук 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдө унаа коюп кеткен жол тескөөчүнү дарылоо боюнча кеңешмеге катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, бейтап 17-августта Улуттук госпиталга санавиация кызматы аркылуу оор абалда түшкөн. Ага баш мээнин оор жаракаты, сол жактагы жоон сан сөөктүн майдаланып сынып кетиши жана башка татаал жаракаттарды камтыган диагноз коюлган.

"Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор деп бааланууда. Комада, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулуп, бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Бейшеналиев дарылоо процессин жеке көзөмөлүнө алып, ошондой эле жабыркаган кызматкердин жакындары менен жолугуп, медициналык жардам толук көрсөтүлөөрүн белгиледи.

Ошондой эле эртең бейтаптын абалынын жакшырышы менен мээнин MРТ диагностикасын жасоо жана андан аркы дарылоону коррекциялоо пландаштырылууда.

Эскерте кетсек, бейтап Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери. Бишкектен Ысык-Көлгө которулуп барып, кызмат өтөө учурунда унаа коюп кеткен. 17-августта дарыгерлердин уруксаты менен Бишкетеги ооруканага алып келинген.

Пикир

Оставить комментарий