• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КРда «Саламаттык маселелери боюнча коомчулуктардын аракеттери» долбоору аяктады

Ден соолук 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагындагы ийгиликтүү долбоорлордун бири – «Саламаттык маселелери боюнча коомчулуктардын аракеттери» долбоору аяктады. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, долбоорго баштан аяк Швейцария Өкмөтү донор болуп, Швейцария Кызыл Крест ишке ашырган. Долбоордун жалпы бюджети 30 000 000дон ашуун швейцария франкын түзөт.

Анын негизинде айылдык ден соолук комитеттерин – өз айылдарында саламаттыкты чыңдоо боюнча шайланган ыктыярчылардын топторун түзүү камтылат. Долбоор Кыргызстандын бардык облустарына жайылтылган.

“Бүгүнкү күнү бул долбоор бүтүндөй өлкөнү камтып, 80% айылдарда 1600 айылдык ден соолук комитеттери (АДК) бар. АДКлар өз федерацияларын райондордун деңгээлинде райондук ден соолук комитеттерин (РДК) түзүп алышкан. 2010-жылы Кыргызстандын айылдык ден соолук комитеттеринин ассоциациясы түзүлгөн”, - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.

Бул долбоордун алкагында мектептерде ден соолукту чыңдоо, тиш саламаттыгы, сексуалдык-репродуктивдик саламаттык боюнча иштер жүрүп турат. Бул программалар аталган долбоор тарабынан РДЧБ менен биргеликте айыл тургундарынын маанилүүлүктөрүнө ылайык иштелип чыккан.

«Саламаттык маселелери боюнча коомчулуктардын аракеттери» долбоору ден соолук детерминантын жакшыртуу максатында кичи гранттар программасын ишке ашырып келген. Анын алкагында 111 мончо, 65 фельдшердик пункт, 12 спорт аянтчасы курулуп, 4 айылда суу менен камсыздоо тутуму оңдолгон.

56 долбоор (таза суу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кайра калыбына келтирүү борборлору, бала бакчалар, спорттук аянттар, фельдшердик пункттарды кайра куруу) ишке ашырылган.

Пикир

Оставить комментарий