• 87
  • 90.43
  • 0.88

Кондитерге окуп жүргөндө да колуман гитара түшчү эмес - Гүлнур Сатылганова

ТАГДЫР 0

Бул ырчынын ырларын угуп, мукам үнгө суктанасың, эс аласың, жаңы бир нерсеге үйрөнөсүң. Өмүр жолун карап, кайраттуулугуна таңданасың, талантына баа бересиң. Басып-турганын, сүйлөгөнүн көрүп биздин ырчыбыз экенине сыймыктанасың. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова студенттик күндөрүнүн ысык-суугу тууралуу баяндап, жаштарга кеңешин берди.

- Сиздин биринчи кесибиңиз кондитер экени белгилүү. Бул кесипке эмне себептен тапшырып калдыңыз эле?

- Негизи ырчы болуу менин бала кезимдеги кыялым. 5- класста Алла Пугачёванын ырларынын баарын жаттап алып, чоң сахнада ырдап жатканымды элестетчүмүн. Кийин мектепти бүткөндө Бишкекке Искусство институтуна тапшырам деп келсем, сынакка кечигип калыптырмын. Анан бир жылым текке кетпесин деп кондитердин окуусуна тапшыргам. Анын үстүнө бул атамдын каалоосу болчу, мени аялзатына таандык кесипте окуса экен дечү.

- Ал жерде бир жыл окусаңыз, көп кызыктуу окуялар болгондур?

- Албетте, ал жыл абдан кызыктуу өттү. Мен жаңы мектепти бүтүп келгем, айланада болуп жаткан нерселердин баары кызык көрүнө берчү. Анан бизди айыл чарба иштерине жиберет, ал жактан болобу, окуудан-көчөдөн болобу колуман гитара түшчү эмес. Ошол кездеги курсташтарымдын эсине гитарасын көтөрүп алып, ырдап эле жүргөн кыз катары калдым го дейм.

- Кийин ырчылык өнөргө окууңузга кимдир бирөөлөр каршы чыкты беле?

- Чынында менин ырчы болушума атам каршы болчу. Бирок ага карабастан өзүмдүн кыялыма карай умтула бердим. Ырчы болуу аракетиме атам каршы болгону менен апам абдан колдочу. Ошентип 1986-жылы “Миң кыял” ансамблине солист болуп иштеп, ырчылык карьерама биринчи кадам жасадым. Ал кезде үндү оңдоп-түзөп койчу компьютер эмес, жөпжөнөкөй чөнтөк телефон да жок болчу, бир гана жандуу ырдачубуз. Ансамбль менен гастролдоп ырдап жүрүп, чоң сабак алып, абдан жакшы быштым.Анан 1987-жылы жолдомо менен келип, Искусство институтуна тапшырып, окуп калдым.

- Студенттик күндөрүңүз абдан кызыктуу өткөн чыгаар. Ошол убакта сизди кубандырган окуялар тууралуу айтып берсеңиз?

- Ооба абдан кызыктуу күндөр өттү. Мен студент кезимде деле ар кандай ыр жарыштарына, сынактарга катышып жүрдүм. Ошондо төбөм көккө жетип кубанган окуя, биринчи эфирге чыкканым болду. “Жетиген” ансамблинде ырдап жүргөн кезимде акын Базыловдун “Көпөлөк” деген чыгармасы менен эфирге чыктым. Бул мен үчүн чоң сыйлык утуп алгандай болду, тим эле сыймыктанганымды айтпаңыз. Дагы бир чоң окуя бул биринчи ирээт чет элге чыкканым. Польша шаарында өткөн “Алтын жалбырак” деген улуттук ыр, бийлер фестивалына ырдап да, бийлеп да катышып келдик. Биринчи жолу чет мамлекетке чыкканымданбы, айтор абдан таасирленип, сыймыктанып кайтканбыз.

- Сиздин эң сүйүктүү мугалимиңиз ким болгон? Сабактарды акча менен бүтүргөн күнүңүз болду беле?

- Ал кезде бизге көбүнчө еврейлер, орустар сабак берээр эле, талап да абдан күчтүү болчу. Мен мугалимдердин баарын эле жакшы көрчүм, анткени баары мыкты кесипкөйлөр эле. Мен окуган хор-дирижёрлук бөлүмүндө Надежда Ивановна Хохлова деген мугалимибиз талапты күчтүү койгон, мыкты устат эле. Ал эми аларга акча берип баа койдуруу тууралуу ойлончу да эмеспиз, андай түшүнүк да жок болчу. Бир чети кесибимди сүйүп окуганым үчүн баардык сабактар жакчу. Өзгөчө хор сабагында 90дой студент бир чыгарманы бир нече үндөргө бөлүп ырдаганда тим эле көркүнө келип, өзгөчө чыгаар эле. Бул менин эң сүйүктүү сабагым болчу. Бирок, биздин кесип оңой сезилгени менен чыдамкайлыкты, өжөрлүктү талап кылган татаал багыт деп айтса болот. Биздин тайпада 30 баланын ичинен бүтөөрдө жетөөбүз гана калдык. Негизи музыкалык институттарда түшкө чейин кыргыз тил, орус тил, тарых сыяктуу коомдук сабактарды окуп, түштөн кийин музыкалык сольфеджио, аранжировка, гармония, музыканын теориясы, анализ сыяктуу сабактарыбызды өтөбүз. Алар кечки 5терде бүтсө, өз алдынча машыгуу үчүн бир класска кирип алып, музыкалык аспаптарда ойноп, ырдап, үйрөнгөнүбүздү кайталап дагы 3-4 саат отурабыз. Ошентип үйгө келгиче кечки 10-11 болуп кетээр эле.

- Болочок жолдошуңуз менен студенттик кезде тааныштыңыз беле?

- Жок, институтту бүткөндөн кийин Аламүдүн райондук Маданият бөлүмүндө иштеп калдым. Ошол бөлүмдүн ичинде уюшулган “Арашан” ансамблындаырдап жүрүп, кийин Каныкей Эралиева эжекебиз “Куудулдар” деген театрга чакырып, ал жерде бир аз иштегенден кийин, шаардык Арсен Өмүралиев атындагы “Жаштар” театрына кеттим. Мына ошентип иштеп жүргөндө жолдошум менен таанышып калдык. Ал Ленинграддагы Луначарский атындагы театралдык институтту бүтүп келген экен.

- Гүлнур эже айтсаңыз, бейкапар студент болуп жүргөндө, бүгүнкүдөй дөөлөткө жетем деп ойлодуңуз беле?

- Мен ырчы болуп, чоң сахнада ырдагым келчү. Ошону жатсам-турсам кыялданчумун. Бирок ага кантип жетээримди билген эмесмин. Жаштын тилегин берет деген сөз абдан туура айтылган экен. Ага чын дилимен ишенип калдым. Бүгүн мен жаш кезимде тилек кылган нерселеримдин баарына жеттим десем болот. Азыр менин ырларымды сүйүп уккан күйөрмандарым бар, өзүмдүн каалаган ишим менен алектенип жатканыма 30 жылдын жүзү болду, мындан ашкан дөөлөт жок деп ойлойм.

- Азыркы жаштарга бере турган кеңешиңиз...

- Эң алгач жалкоо болбогула демекчимин. Жалкоолук эч качан алдыга жылдырбайт. Совет заманында бир жакшы сөз бар эле “Адам эмгектен бакыт табат” деген. Андыктан эмгектенгиле, алдыга умтулгула, билим алгыла, тандаган кесибиңерди сүйүп окугула! Анткени, биздин мекенибиздин келечеги билимдүү жаштардын колунда.

Маектешкен Айсулуу Кабылбекова

"Кабар"

Пикир

Оставить комментарий