• 87
  • 90.41
  • 0.84

“Коопсуз шаар” качан башка шаарларга барат? – Абылгазиевдин жообу

Өкмөт 0

Бишкек, 14.02.19. /Салтанат Абдраева –Кабар/. КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн министрлик жана ведомстволордун жетекчилери менен кеңейтилген кеңешме өткөрүп, анын алкагында “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу да сөз болгон.

Өкмөттөн билдиргендей, премьер-министр бул долбоор Бишкекте ишке кирип, жакында анын экинчи этабына тендер жарыяланаарын белгиледи.

“Бишкектеги тартипти көрүп алып, Ош шаарындагы биздин жарандарыбыз тезиреек Ошко баштабайсыңарбы деп айтып жатышат. Көрдүңөрбү? Жакшы нерсеге баары бир элибиз суусап калган. Ошон үчүн тез арада биз Ош, Жалал-Абад сыяктуу ири шаарларыбыздагы жолдорду, трассалардын баарын тең бүтүрүшүбүз керек. Быйыл Бишкекти бүтүрүп, чоң-чоң шаарларыбызга өтүшүбүз керек. Менимче бул биздин жарандарыбыздын колдоосуна алынып, эч кандай маселе болбойт”, - деди өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий