• 87
  • 90.41
  • 0.84

"Коопсуз шаар" "Коопсуз өлкө" долбооруна айланат – президент

Коом 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жакында эле "Коопсуз шаар" долбоорун Ички иштер министрлигинин карамагына толугу менен өткөрүп берүү жарлыгын чыгарып, бир катар тапшырмаларды бердим, деди президент Садыр Жапаров бүгүн Ала-Тоо аянтында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада.

Азыркы учурда Ички иштер министрлиги бул долбоорду “Коопсуз өлкө” долбооруна айлантып, жалпы республикага жайылтууга бел байлап турат.

Мунун баары элибиздин коопсуздугуна, кылмышы жана укук бузуусу жок өлкөнү курууга карата жасалган мамлекеттик деңгээлдеги кадамдар экенин баса белгилеп кетейин. Жакынкы келечекте дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратууга Ички иштер министрлигинин толук мүмкүнчүлүгү бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий