• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы президенттин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгынын алкагындагы чараларды талкуулады

Коом 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Прокуратура жана укук коргоо органдарына кадрларды тандоо процессин өркүндөтүү маселелери каралды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Рыскелди Мусаев белгилегендей, президенттин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгы менен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик органдарына ачыктык принциптерин, кадрларды тандоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана талапкерлерге талаптарды жогорулатууну эске алуу менен кадрларды конкурстук негизде тандап алууну өркүндөтүү сунушталды.

Аталган Жарлыкты аткаруу максатында Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан демилгеленген мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги коррупцияны жоюу жана түзүмдөргө кийинки резервге жумушка орношууга кадрлар резервине алуу үчүн жүргүзүлүүчү сынактык тандоонун бюрократиялык жана башка административдик жол-жоболорун азайтуу боюнча сунуштары талкууланды.

Ошондой эле, мамлекеттик кадр саясатын андан ары ишке ашыруу үчүн талапкерлерге талаптарды жогорулатуу менен катар, мамлекеттик кызматка адилеттүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана кадрлардын кесипкөй резервин түзүү боюнча мекеме өкүлдөрүнүн сунуш-пикирлери угулду.

Кеңешмеге Мамлекеттик кадр кызматынын, Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик бажы кызматынын, Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү катышты.

Аталган кеңешменин жыйынтыгында Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын сунуштарын эске алуу менен жогорудагы мамлекеттик органдардын сынагын өткөрүү жана кадр резервин түзүү тартиби жөнүндө жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий