КР Коопсуздук кеңешинин катчысы менен БУУнун Аялдар түзүмүнүн аймактык директору кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов БУУнун Аялдар түзүмүнүн аймактык директору Алия Эль-Ясир менен жолугушту.

Жолугушууда өлкөдө тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого багытталган гуманитардык мүнөздөгү иш-чараларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө аялдардын демилгелерин жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоо маселелери талкууланды.

Марат Иманкулов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштардын натыйжасында жапа чеккен аялдарды социалдык жана психологиялык жактан реабилитациялоо маселелеринин чечилип жаткандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий