• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Россиядагы мигранттарга каршы маанай кооптонууну жаратууда – КР миграция кызматы

Коом 0

Бишкек. 18.03.19 /Кабар/. Россиянын Якутск шаарындагы митинг жана мигранттарга каршы маанай кооптонууну жаратууда. Бул тууралуу Кыргызстандын миграция кызматы билдирди.

Якутск шаарынын тургундары 17-март күнү кечинде Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттардын бири жергиликтүү аялды зордуктаган окуядан кийин нааразылыкка чыгышты. Шаардын борбордук аянтына 200 жакын адам чогулду.

Миграция кызматы Якутиянын аймагында жүргөн кыргыз жарандарын этият болуп, чыр чатактардан алыс болууга үндөйт.

Маселени чечүү үчүн Кыргызстандын миграция кызматынын башчысынын орун басары Самат Токтоболотов Якутияга учуп кетти. Ал Якутиянын тийиштүү органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрөт.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Россиянын аймагында 640 миң кыргыз жараны эмгектенсе, алардын 10 миңи Якутиянын аймагында.

РФ Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, 17-мартка караган түнү белгисиз үч адам аялга күч колдонуп, унаага алып киришип зордукташкан.

Аталган кылмышка Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринен барган адамдар шектелүүдө. Алардын бири кармалып, күнөөсүн мойнуна алганы айтылат.

Пикир

Оставить комментарий