• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Копенгаген экологиялык жактан жоопкерчиликтүү туристтерди өзүнө тартууда

Дүйнө 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Копенгаген экологиялык жактан жоопкерчиликтүү туристтерди сыйлоо үчүн пилоттук программаны баштады.

Еuronews маалымдагандай, уюштуруучулар мындай акциялардын бүтүндөй шаарга пайдасы тиет деп баса белгилешет. Wonderful Copenhagen уюмунун директору Миккель Аре-Хансен экологиялык таза туризмди түзүү акциянын башкы максаты экендигин айтты.

"Бүгүнкү күндө саякат экологиялык жактан таза эмес. Адамдар бир жерден экинчи жерге көчүп, терс из калтырат. Сиздин керектөөңүз бара турган жериңизде дагы бир терс белги калтырат. Ошондуктан биздин алдыбызда чоң милдет турат – экологиялык таза туризмди түзүү жана "жашылга" өтүүнү тездетүү. CopenPay бул багыттагы кичинекей кадам болуп саналат", - деди ал.

Акцияга катышкандарга уюштуруучулар акысыз кофе жана музейге билеттерди берип сыйлайт. Ал үчүн шаардыктар жана туристтер өз унааларын жана такси кызматын колдонбой, коомдук транспортто же велосипедде жүрүшү зарыл. Сууну бөтөлкөдөн эмес, көчөдөгү фонтандардан ичиши шарт.

Далил катары туристтер велосипед тээп же коомдук транспортто жүргөн сүрөттөрүн көрсөтсө болот дешет уюштуруучулар.
Шаардын борборундагы фуд-корттор аймагын тазалоого көмөктөшкөндөргө акысыз тамак-аш сунуштап жатышат.

Жалпысынан бул программага 20дан ашык уюм катышууда. Арасында ресторан, музейлерден тартып, кайыкты ижарага бергендерге чейин бар.


Копенгаген — Европадагы популярдуу багыттардын бири. Өткөн жылы Даниянын борборуна 12 миллиондон ашык турист саякаттап келген.

Пикир

Оставить комментарий