• 87
  • 90.64
  • 0.85

Корея Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 4 тез жардам унаасын берди

Коом 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Корея Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 4 тез жардам унаасын берди. Бул тууралуу КР ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, тапшыруу аземине министр Бообек Ажикеев жана аталган өлкөнүн “GO&DO” социалдык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү катышты.

Белгиленгендей, тез жардам унаалары Кыргызстан менен Кореянын өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин ортосунда буга чейин жетишилген макулдашуунун негизинде Кёнгидо провинциясынын өрткө каршы башкармалыгы тарабынан бөлүнгөн.

Министри Ажикеев Кёнгидо провинциясынын Өрт өчүрүү башкармалыгына жана Кореянын “GO&DO” социалдык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрүнө тез техникалык жардам жана аларды Кыргызстанга жеткирүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий