• 87
  • 89.63
  • 0.85

Кореялык KOICA агенттиги Кыргызстанда 7 млн долларга санариптик окуу борборун курат

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Кореялык KOICA агенттиги Кыргызстанда 7 млн долларга санариптик окуу борборун курат.

Министрликтен билдиришкендей, меморандумга президент Садыр Жапаровдун 2-4-декабрь аралыгында Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында кол коюлду.

Министр Нурия Кутнаева менен KOICAнын президенти Чанг Вон Сам кол койгон бул документ эки өлкөнүн санариптик трансформация тармагындагы кызматташуусунун жаңы этабын ачат.

Протоколдо мамлекеттик кызматкерлер жана тиешелүү санариптик көндүмдөрдү өздөштүрүүнү каалаган жарандар окуй турган заманбап санариптик окуу борборун куруу каралган. Борбор алдыңкы жабдуулар жана программалык камсыздоо менен жабдылып, окутуу эмгек рыногунун жана заманбап технологиялардын талаптарына жооп берет.

Долбоордун жалпы баасы 7 миллион АКШ долларына бааланган.

Пикир

Оставить комментарий