• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кореялык компаниялардын Кыргызстандын рыногуна чыгуусу активдешти

Экономика 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Кореялык компаниялардын Кыргызстандын рыногуна чыгуусу активдешти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Кореянын президенти Юн Сок Ёль менен болгон жолугушуусунда маалым болду.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кореянын президенти Юн Сок Ёль учурда кореялык компаниялардын Кыргызстандын рыногуна чыгуусу активдешип, эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы алмашуу кеңейип жатканын айтты.

“Алмашуулар жана кызматташтык активдешкен шартта, өткөн жылы биринчи жолу биздин өлкөлөрдүн борборлору ортосунда авиакаттам ишке киргизилген. Биздин өкмөт Европа менен Азияны бириктирген көпүрө катары Борбордук Азиянын стратегиялык маанисин аныктады. Дал ошондуктан ушул жылдын июнь айында Борбордук Азия регионуна биринчи атайын дипломатиялык стратегиясы - “K-Silk Road” (“Кей – Жибек Жолу”) Корея – Борбордук Азия кызматташтыгынын демилгеси сунушталган”, - деп белгиледи Юн Сок Ёль.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров учурда расмий сапар Корея Республикасында менен жүрөт. Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кореянын президенти Юн Сок Ёль жана Кореянын Улуттук ассамблеясынын спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий