• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Коргоо министри аскер айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Бишкекте Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Коргоо министрлигинин аскер кызматчы жана кызматчы айымдары үчүн салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов катышты.

Коргоо министри аземде айымдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, өлкөнүн саясий, маданий жана коомдук турмушундагы өзгөчө ордун баса белгиледи. Ошондой эле Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылып жаткан айымдарга ведомстволук медалдар, ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, КР Куралдуу Күчтөрүндөгү бардык кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде Эл аралык айымдар күнүнө арналган майрамдык кечелер уюштурулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий