• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө 23,9 млн сом бөлүнөт

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн сметасын бекитти.

БШКдан маалымдашкандай, сметанын суммасы 23 млн 934 миң сомду түздү. Чыгымдар сметасында тѳмѳндѳгү чыгашалар эсепке алынган:

- 11 778,0 миң сом - шайлоону уюштурууга борборлоштурулган чыгашалар: маалымдо, комиссияларджы окутуу, байланышты камсыз кылуу, маалымат материалдарын жана шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таркатылуучу материалдарды аймактарга жеткирүү ж.б;

- 12 156,0 миң сом – эки округдук шайлоо комиссиясынын жана 143 участкалык шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылуу үчүн.

Шайлоону камсыз кылуу үчүн эки округдук комиссияга - 29 мүчө, 143 участкалык комиссияга – 1753 адам, автоматтык эсептѳѳчү урналардын - 66 оператору жана техникалык колдоо топторуна 35 адис тартылат.

2024-жылдын 5-мартына карата алдын ала маалыматтарга ылайык эки райондо 223 миң 560 шайлоочу бар.

Белгилей кетсек, КР министрлер кабинетинин тескемесине ылайык Баткен №2 жана Кара-Суу №9 бир мандаттуу шайлоо округдарында шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана ишке тартылган жарандарды финансылык жактан камсыз кылуу бекитилген сметага ылайык "РСК Банк" ААК жана "Айыл Банк" ААК банк мекемелери аркылуу накталай эмес түрдө ишке ашырылат.

Ошондой эле учурда КР Эсептѳѳ палатасынын аудиторлорунун сунуштарына ылайык, БШКда эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук боюнча борборлоштурулган бухгалтерияны түзүү менен шайлоо комиссияларынын финансылык ишин башкаруу процесстерин өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий