• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Коргоо министри ЖККУнун бириккен штабынын башчысы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-сентябрда коргоо министри Бактыбек Бекболотов Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурурунда үстүбүздөгү жылдын 9-13-октябрында Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусуна болгон даярдыктар жана өткөрүүсү боюнча суроолорду талкуулашты.

Сидоров иш сапарынын жүрүшүндө 20636 аскер бөлүгүнө барып ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аскердик контингенттеринин жайгашуусу, камсыз болуусу, окуу орундарынын жайгашуусу жана камсыздалышы, машыгуу пункттарын жайгашуусу жана иштелип чыгуучу суроолордун (практикалануучу маселелердин) тизмеси менен таанышты.

Биргелешкен башкаруу пункттардын жана участоктордун жайгашуусуна, машыгуунун негизги тактикалык эпизоддорун практикалык түрдө ишке ашыра турган аймактарга өзгөчө көңүл бурулду.

Эскерте кетсек, А. Сидоров Кыргызстанга 26-сентябрда "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусу өтө турчу жайлар менен таанышуу максатында келген.

Пикир

Оставить комментарий