• 87
  • 90.41
  • 0.84

Коргоо министрлигинин бардык бөлүктөрүндө Нооруз майрамы белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-мартта Коргоо министрлигинин кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчылары жана кызматкерлери Нооруз майрамын белгилешүүдө. Бул тууралуу КМ маалыматтык-аналитикалык иштер башкармалыгы билдирди.

Маалматка ылайык, Нооруз майрамы кыш аяктап, жаратылыштын ойгонгон учурун гана белгилебестен, жашоонун бардык көрүнүштөрүндө жаңыланууну белгиси.

"Бул күнү Коргоо министрлигинин бардык кошуундарында, аскер бөлүктөрдө жана мекемелерде улуттук оюндар: кыргыз күрөш, аркан тартыш, чүкө атышмай жана башка улуттук оюндар уюштурулуп, концерттик программалар өткөрүлүүдө. Ошондой эле, өздүк курамга улуттук тамак болгон сүмөлөк берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий