• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстан жана Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов КР президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Түбөлүк баалуулуктарыбызды жана жалпы тарыхыбызды камтыган бул байыркы майрам эки бир тууган элдин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө кызмат кылат.

Акыркы жылдары биздин ортобузда калыптанып калган достук мамилелерди жогору баалайм жана биздин алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги жолугушууларыбыз көп кырдуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптуу кеңейтүүгө кызмат кыларын өзгөчө баса белгилегим келет.

Өз ара урматтоо жана колдоо принциптерине негизделген биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүз мындан ары да жигердүү өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат Өзбекстан президентинин куттуктоосунда.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана ар дайым өсүп өнүгүү каалады.

Ал эми Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Байыркы замандан бери Нооруз майрамы жаратылыштын жандануусун, жашоонун салтанатын жана жаздын келишин символдоштурган. Бул майрам меймандостуктун, тынчтыктын, ынак коңшулаштыктын жана гуманизмдин бийик принциптерин өзүнө сиңирип алгандыктан, элдердин биримдигин жана достугун чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ.

Бул жаркын майрам сиздер үчүн жана сиздин өлкөнүн эли үчүн кубаныч, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү менен белгиленсин!»

Пикир

Оставить комментарий