Бишкек, 25.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстанда адамдар уулу заттардан ууланып жаткан калдыктарды сактоочу 50 жай текшерилген.
Алсак, Баткен облусунун Кан айылында дээрлик 200 бала уулу коргошундан ууланып кала жаздашкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Блэkсмит институтунун аймактык директору, биология илимдеринин кандидаты Петр Шаров билдирди.
UNIDO Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Марат Усупов билдиргендей, 2012-жылдан тарта Кыргызстандан ЮНИДОнун жана Европанын булганган аймактарды баалоо бирикмеси менен биргеликте Блэксмит институтунун долбоору иштеп жатат.
“Кыргызстан глобалдуу долбоордун бир бөлүгү болгондугуна абдан кубанычтабыз. Блэксмит институтунун өкүлдөрү россиялык, америкалык адистердин катышуусунда булганган участокторду иликтеп атайын маалымат базасын түзүштү”,-деп маалымдады Усупов.
Блэксмит институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 90 миңден ашуун адам өтө эле уулуу заттардын таасирин сезип турушат. Бул тууралуу маалымат Усуповдун айтымында Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттигинде сакталган.
Шаров билдиргендей, жогоруда аталган институттун иши көп жылдардан бери уулуу заттар сакталып келген калк жайгашкан аймактарды аныктоого багытталган.
Анын айтымында, коргошун бир жерге кирип калса ал жакта миңдеген жылдар бою сакталып кала берет. Бирок ал адамдын саламаттыгына, биринчи кезекте жаш балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Институттун адситери беш жылдан ашуун убакыт бою Кан (мурдагы Совет) айылындагы уулуу коргошун боюнча иш алып барышып, натыйжада ар бир үйдө ууланган кумдун топтому болгондугун аныкташкан.
“Кан айылынын жашоочулары ал жакта кандай уулуу коргошун болгондугун билишкен эмес, алар жөн гана ал кумду өздөрүнүн кереги үчүн иштетип жүрүшкөн. Маселен курулуш иштери үчүн. Жетиштүү ченедемги концентрация 32 миллиграмм, ал эми ал кумдун курамындагы 4 миң. Нормадан дээрлик 130 эсеге көп. Ошол кумду айылдын бардык жерине ташып жеткиришкен, анда жаш балдар да ойногон. Ал эми жашоочулар эч нерсени билишкен эмес”,-деп билдирди Шаров.
Башкача айтканда, 12 жаштан өйдө текшерилген 220 балада дээрлик көпчүлүгүнөн -89% коргошундун концентрациясы 5 мкг/дл көп болуп чыккан. Ал эми 90 баланыкы жогорку болгон, бул деген кырдаалдын оор экендигинен кабар берет.
Шаров билдиргендей, долбоордун алкагында айылдан 400 тоннага жакын ууланган коргошун алынып чыгып, таза коргошунга алмаштырылган (400 тонна коргошун, 45 тонна кум). Ашканаларда сууну тазалоочу фильтлер коюлган, анткени суудан да нормадан ашык коргошундун бар экендиги аныкталган.
Медицина илимдеринин кандидаты Игорь Хаджамбердиев билдиргендей, коргошундун башка уулуу заттардай эле чоңдорго караганда балдардын саламаттыгы үчүн терс таасири көп. Башка калдыктар сакталган жактарды да масштабдуу түрдө текшерүү керек, ага Кан айылында жүргүзүлгөн долбоор үлгү боло алат.
Совет айылы (учурдагы Кан) тоолор арасында жайгашкан. 1949-жылы бул жерде коргошун-цинк комбинаты ачылган, бирок 25 жылдан кийин кенде коргошун калбай калып, кен жабылган. Ал жактан чыгарылган калдыктар ошол бойдон көмүлбөй кала берген.
Пикир
Оставить комментарий