• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстанда кыргызстандыктар бара жаткан автобус тоңуп калган

Коом 0

Бишкек, 25.01.18 /Кабар/. Кыргызстандын жарандары бара жаткан автобус Казакстандын Акмоло облусундагы трассада тоңуп калып, адамдар эвакуацияланганын “Казинформ” билдирет.

Екатеринбург – Алматы жолунда Жалал-Абад – Пермь – Москва каттамы боюнча бара жаткан шаарлар аралык автобус бузулуп калган.

Кыргызстандын 21 жараны Астрахандын №2 мектебинин жылытуу жайына эвакуацияланышкан.

Эскерте кетсек, акыркы бир нече күндөн бери Казакстанда катуу ызгаар байкалууда.

Пикир

Оставить комментарий