• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Коронавирус: Өкмөт алдын алуу боюнча чараларды күчөттү

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө коронавируск боюнча дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу республикага чет өлкөлүк жарандардын кирисүүнө чектөө киргизүү тууралуу чечим киргизилгени айтылды.

Кыргыз тараптын кабыл алган чаралары Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына дал келет жана убактылуу гана мүнөзгө ээ.

Кыргыз Республикасынын жарандары өлкөгө кире алат. Учурда Кыргыз Республикасында жүргөн чет өлкөлүк жарандар өлкөдөн сыртка чыга алат.

Бул чектөөлөрдүн эл аралык жүк ташууга тиешеси жок. Ошол эле учурда автотранспорт каражаттарынын айдоочулары бекитилген карантиндик жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сакташы зарыл.

Мындан тышкары Республикалык штаб кыргызстандыктарга мүмкүн болушунча чек арадан өтүүгө убактылуу чектөө киргизүүну сунуш кылат.

Маданий-массалык иш-чараларды, анын ичинде тойлорду, үй-бүлөлүк жана корпоративдик иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизген Өкмөттүн токтомуна толуктоо киргизилди. Мындан тышкары жакынкы үч жумага 50дөн ашык орундугу бар коомдук тамактануучу жайлар, көңүл ачуучу жерлер, түнкү клубдар, балдар ойноочу аянтчалардын иштөөсүнө чектөө киргизилди. Ошол эле учурда үйлөргө жана кеңселерге тамак жеткирүү жүзөгө ашырыла берет.

Штабдын мүчөлөрү Саламаттык сактоо министрлигинде Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен макулдашылган жана коронавирус чыккан учурда ким эмне иш кылары жазылган план бар экени айтылды.

Өкмөт коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча керектүү чараларды көрүп жатат. Дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен медицина кызматкерлери, эпидемиологдор, обсервация кызматкерлери, санитардык дарыгерлер, тез жардам жана башка ыкчам кызматтардын адистери күнү-түнү тынымсыз нөөмөттө иштеп жатышат.

Жыйындын катышуучуларына жергиликтүү ишканалар медициналык беткап чыгарып, өлкөнүн дарыкана түйүндөрүнө жеткирүүнү баштаганын маалымдашты.

Отурумда белгиленгендей, өлкөнүн бардык райондорунда санитардык кызматтардын адистери коомдук тамактануу жайларын, мечиттерди, коомдук унааларды (маршруттук таксилерди, автобустарды, троллейбустарды) дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Республикалык штабдын мүчөлөрү көрсөткөндөй, ар бир жаран абалдын олуттуулугун түшүнүп, медицина кызматкерлеринин сунуштарын карманып, зарыл болгон алдын алуу чараларын көрүп, гигиенаны катуу сактап, бул тууралуу өз балдарына түшүндүрүүгө тийиш.

Билим берүү жана илим министрлигине ата-энелер жана балдар менен Саламаттык сактоо министрлигинин сасык тумоо, курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын алдын алуу боюнча өздүк гигиена эрежелерин сактоо боюнча сунуштамаларын кынтыксыз аткаруу, билим берүү ийримдерине жана секцияларга барбоо, каникул учурунда балдардын үйдө болуп, шаарда жүрүүсүн чектөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлигине бардык саламаттык сактоо уюмдарында бейтаптарга барганда карантиндик режимди сактоо тапшырылды.

2020-жылдын 17-мартына карата бардык убактылуу обсервация жайларында 321 адам медициналык байкоодо турушат. Жашаган жери боюнча 1228 адам медициналык байкоодо турат. Бардыгынын абалы канааттандырарлык. 1265 адам жашаган жери боюнча 14 күндүк байкоодон чыгарылды. 1724 адам лабораториялык текшерүүдөн өтүп, инфекция аныкталган жок.

Пикир

Оставить комментарий