Коронавирус жуктургандардын санын каттоого алууда эң көп көрсөткүч 13-19-июлга туура келди - Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Коронавирус жуктургандардын санын каттоого алууда эң көп көрсөткүч 13-19-июлга туура келди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ал 17-июлда коронавирус жана пневмония менен ооругандар боюнча статистика бириктирилгенден кийин коронавирус менен ооругандын көрсөткүчү көбөйгөнүн айтып өттү.

"Оорулуулардын санын каттоого алууда эң көп көрсөткүч 13-19-июлга туура келди. 3-9-августта 3 миң 12 учур катталса, 10-16-августта 1 миң 814 учур катталды", - деди ал.

Ал коронавирус жуктурган адам изоляцияга алынганга чейин канча адамга ооруну жуктурушу мүмкүн деген Россия менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо министрлигинин ыкмасы боюнча жүргүзүлгөн эсептөөлөр тууралуу айтып берди.

"2-июлда ал көрсөткүч 2 кишини түзгөн. Башкача айтканда, ал бир адам эки кишиге ооруну жуктура алат дегенди түшүндүрөт. Ал эми 16-августта 0,8% кишини түздү",- түздү дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий