• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Штаб: Польшадан келген медкызматкерлер Бишкектеги ишин жыйынтыктады

COVID - 19 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Польшадан келген медкызматкерлер Бишкектеги ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Польшалык топтун координатору жана жетекчиси Михал Мадейски белгилегендей, COVID-19 вирусу бар бейтаптарды дарылоодогу кыргызстандык дарыгерлердин методикасы менен ыкмалары Польшада жана Италияда пайдаланылган методикаларга окшош.

Эскерте кетсек, 19-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польшадан курамында 8 медициналык кызматкерден турган топ Бишкекке келген. Алар атамекендик медициналык кызматкерлерге Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүүдө.

Ошондой эле 20-апрелде Кытайдан Кыргызстанга медициналык кызматкерлердин тобу келген. Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий