Коронавируска каршы күрөш көптөгөн көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды, алардын бири саламаттыкты сактоо. Медициналык мекемелер жана дарыгерлер бейтаптардын мындай агымына даяр эмес болчу. Коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн ылайыктуу алгоритм түзүү дароо мүмкүн болгон жок. Бул факт да кырдаалды кыйла курчутту. Натыйжада жай мезгилинде бейтаптардын саны кескин көбөйдү. 1-июлда өлкөгө Россиядан биринчи аскер дарыгерлери келишкен. Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Роспотребнадзордун милдети болуп Кыргызстандагы кырдаалды баалап, муктаждыктарды талдоо менен чечимдерди сунуш кылуу болду. Россиялык адистердин кийинки тобу 22-июлда, Башкортостан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жетектеген үчүнчү топ 23-июлда келген. Медиктер өздөрү менен бирге меджабдууларды жана дары-дармектерде алып келишти.
Врачтардын миссиясы жыйынтыкталганда эксперттер жамааты "Коронавируска каршы күрөшүү: Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалды турукташтырууга Россиянын колдоосу" аталышындагы онлайн-брифинг өткөрүп, учурдагы кырдаалды талкуулоону чечишкен.
Саясий илимдердин кандидаты Артур Сулейманов ишке ашырылган долбоорлор тууралуу айтып берди.
"Россия февраль айында тест-системаларды иштеп чыга баштаган, андан соң алар тестирлөө максатында Кытайга жөнөтүлгөн. Андан кийин бул системаларды дүйнө жүзү боюнча ташуу башталды. Системалардын көпчүлүк бөлүгү КМШ өлкөлөрүнө жардам катары берилди. Андан тышкары, КМШ өлкөлөрүнө инфракызыл термометрлер жөнөтүлгөн, алардын көпчүлүк бөлүгү Кыргызстанга берилген. Алар аралыктан адамдын дене табын өлчөөгө мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө мындай иштерге мамлекеттик гана эмес, социалдык органдар да кошулган. Учурда "Ынак коңшулук" деген акция башталган, алгач бул иш-чара Казакстан менен Россиянын ортосунда гана пландалган, кийинчерээк башка өлкөлөргө да жайылды. Аталган акцияга Кыргызстандын да катышуусун каалайт элем. Кыргызстанга 42 медик жөнөтүлгөн. Бул өлкөлөр ортосундагы жакшы мамилени гана айгинелеп турбастан, коркунуч болгон учурда жардам берүүгө даяр экендигинен кабар берет. Мындай шартта пандемияга каршы күрөш кыйла оңой болот. Бизде абдан чоң тажрыйба бар, аны мындан ары да тереңдетиш керек", - дейт Сулейманов.
Пикир
Оставить комментарий