• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө Улуттук адаптациялоо планы иштелип чыгууда

Коом 0

Бишкек, 06.10.23./Кабар/. БУУнун Өнүктүрүү программасы улуттук өнөктөштөр менен биргеликте Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшүнө Улуттук адаптациялоо планын иштеп чыгуунун үстүндө активдүү иштеп жатат.

2023-жылдын 2-октябрынан 5-октябрына чейин БУУӨП Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен кызматташтыкта Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча секторалдык жана областтык пландарды иштеп чыгуу боюнча бир катар семинарларды өткөрдү.

Семинарларга Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Айыл чарба министрлиги сыяктуу министрликтердин адистери, ошондой эле президенттин аймактардагы толук укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, бейөкмөт уюмдардын, эксперттик коомчулуктун, илимий-изилдөө институттарынын, ЖОЖдордун жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты. Алар Кыргызстандын максаттуу секторлору жана областтарынын климаттын өзгөрүшүнүн таасирлерине карата климаттык тобокелчиликтерин жана аялуулуктарын талкуулашты жана баалашты. Ошондой эле топтордогу катышуучулар өзүнүн эксперттик пикирлери менен бөлүштү, ал адаптациялык пландарды аягына чейин иштеп чыгууда жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоочу чараларды жүзөгө ашырууда эске алынмакчы.

Семинардын ачылышында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министринин орун басары Асел Раимкулова, өзгөчө Кыргызстан боюнча алганда климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. “Мен бүт күч-аракеттерибизди бириктирүүгө жана көңүл борборун климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүүгө жөндөмдүү болгон адаптациялоочу чараларга бурууга чакырамын”, - деди Асель Раимкулова. Ал ошондой эле өлкөнүн алдында турган бардык тобокелчиликтерди жана чакырыктарды талдоонун актуалдуулугун баса белгиледи. “Жамааттык күч-аракеттер жана биргелешкен чечимдер биздин өлкө үчүн кыйла эффективдүү жана туруктуу чечимдерге алып келиши мүмкүн жана ал Кыргызстандын климаттын өзгөрүп жаткан шарттарында туруктуу өнүгүүсүн камсыздайт”.

БУУӨПтүн атынан Лира Джолдубаева чыгып сүйлөп, «бүгүн биз бул жерге биздин мезгилдеги өтө актуалдуу жана маанилүү маселелердин бири – климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону талкуулоо үчүн чогулдук. Бул бүткүл дүйнөлүк коомчулук астында турган чакырык жана ал биргелешкен аракеттерди жана чечкиндүү аракеттерди талап кылат. Климаттын өзгөрүшү биздин дүйнөбүзгө терс таасирин тийгизип жатат: катышуучулар кыйратуучу аба ырайынын көрүнүштөрүнөн жабыркап жатышат, экологиялык система бузулууда, ал эми адамдар өз ден соолугу жана жыргалчылыгы үчүн коркунучтарга бет келишүүдө. Биз ушул көйгөйдүн алдында аракетсиз калбашыбыз керек. Буга байланыштуу БУУӨП маанилүү жана стратегиялык документ – Улуттук адаптация планын иштеп чыгуунун үстүндө активдүү иштеп жатат. Ошондой эле КР президентинин буйруктары жавна КР министрлер кабинетинин токтомдору, мамлекеттик органдардын сунуштамалары, ошондой эле өлкөнүн демилгелери жана пикирлери, эл аралык аянтчалардагы айтылгандар көңүлдүн сыртында калбашы керектигин дагы белгилей кетүү керек. БУУӨП жана Улуттук өнөктөштөр климаттын өзгөрүшүнүн чакырыктарынын алдында өлкөнүн туруктуулугун бекемдөө максатында Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча секторалдык жана областтык пландарды пландаштыруунун баскычына өтүүгө ниеттенишет» деп белгилеп кетти.

Бул семинарлардын негизги максаты Жашыл климаттык фонддун каржылык колдоосу астында БУУӨП тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук адаптация планын (УАП) иштеп чыгуу процессине көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында климаттын тобокелчиликтерди жана аялуулуктарды баалоону талкуулоо (КТАТ) болду.

«Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук адаптация планын (УАП) иштеп чыгуу процессине көмөк көрсөтүү» долбоору Жашыл климаттык фонддун каржылык колдоосу астында Кыргызстандагы БУУӨП тарабынан жүзөгө ашырылып жатат.

Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жакырчылык, адилетсиздик, теңсиздик жана климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан адилетсиздик менен күрөшүп жаткан БУУнун көрүнүктүү уюму болуп саналат. 170 өлкөдөгү эксперт жана өнөктөштөрдүн кеңири тармагы менен иштөө аркылуу, биз адамдар жана планета үчүн интеграцияланган, узак мөөнөттүү чечимдерди түзүүгө жардам беребиз. Биз тууралуу undp.org/Kyrgyzstan сайтынан көбүрөөк билиңиздер же @UNDPkg кошулуңуздар.

Пикир

Оставить комментарий