• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коронавирустан улам Ирандан чыга албай жаткан КР жарандары чек арадан өтө баштады – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Коронавирустан улам Ирандан чыга албай жаткан КР жарандары чек арадан өтө баштады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Белгилүү болгондой, Иранга кошуна мамлекеттер коронавирустан улам чек араны жапканына байланыштуу 62 кыргызстандык жүк ташуучу иран-түркмөн жана иран-азербайжан чек араларынан өтө албай, Иранда туруп алган.

"Кыргызстандык жүк ташуучуларды кайтаруу иштеринин алкагында кыргыз тарап Азербайжандын тиешелүү мекемелери менен иш алып барып, Азербайжан аркылуу транзиттик коридор берүү маселеси иштелип чыкты. 9-мартка карата иран-азербайжан чек арасында 23 жүк ташуучу унаа турган. 9-11-март күндөрү "Астара" көзөмөл бекети (азербайжан-иран чек арасы) аркылуу 11 жүк ташуучу унаа өткөн. Дагы 12 айдоочу унаасы менен өтөрү күтүлүүдө. Учурда алар паспорт-бажы көзөмөлүн өтүүдө", - деп, министрлик кыргызстандык жүк ташуучулардын Ирандан чыгышын жана Азербайжан аркылуу өтүү маселеси Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Баку жана Тегерандагы элчилигинин көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Кыргызстандын Бакудагы элчилиги "Астара" көзөмөл бекетинин жетекчилиги жана КР айдоочулары менен түз байланыш түзүлгөн.

Министрликтен белгилешкендей, 7-март күнү элчиликтин кызматкерлери жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына консулдук-укуктук көмөк көрсөтүү үчүн иран-түркмөн чек арасындагы "Серахс" менен "Лютфабад" көзөмөл-өткөрмө жайларына барышкан.

Маалымат үчүн: Азербайжандын аймагында коронавирустун жайылуу коркунучуна байланыштуу жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштары менен башка мамлекеттердин тажрыйбасын эске алып, 29-февраль күнү Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматы Иран менен болгон чек араны 2 жумага жапкан.

Пикир

Оставить комментарий