• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ленин району боюнча салык органына жаңы жетекчи дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Ленин району боюнча салык органынын жетекчиси болуп Руслан Касымов дайындалды. Дайындоо жөнүндө буйрукка 10-мартта Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Жаңы жетекчи мурда Биринчи май району боюнча салык органында бөлүм башчы кызмат ордун ээлеген.

Салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын мурунку жетекчиси 9-мартта кызычылыкка ээ тарап катары, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана жөнгө салуу боюнча өз убагында тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн ишенимди жоготкондугуна байланыштуу жумуштан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий