• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коронавирустун алгачкы белгилери байкалса кайда кайрылып, эмне кылуу керек? Министрликтин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги курч респиратордук вирустук инфекциялар, анын ичинде жаңы коронавирус инфекциясынын белгилери байкалган адам үчүн аракеттердин алгоритмин жарыялады.

Ведомствонун маалыматы боюнча, эгер сизде бир же бир нече белгилери байкалса:

- дене табынын көтөрүлүшү;

- кургак жөтөл, тамак оору;

- даам же жыт сезүүнүн жоголушу;

- ич өтүү;

- алсыздык, тердөө;

- муун жана булчуңдардын оорушу;

Үйдө болуңуз

  1. Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн обочолонуңуз (мүмкүн болсо башка бөлмөдө болуп, үйдө ары-бери жүрүүнү чектеңиз)
  2. Тазалыкты сактаңыз (бет кап тагынып, колду бат-баттан жууп туруңуз, өзүнчө идиш колдонуңуз, үйдү тез-тез желдетип туруңуз)
  3. 118 ыкчам номерине же үй-бүлөлүк дарыгерге (ҮМБ) чалыңыз же сизде белгилер байкалганы тууралуу билдирүү жазыңыз

Сунуштар:

- суюктук көп ичүү (суу, чай, компот)

- күнүгө 500 мг парацетомол (чоңдор жана балдар үчүн) 2-4 жолу же ар бир 4-6 саатта Ибупрофен 200-400 мг ичүү

- башка өнөкөт оорулар боюнча дарыланууну улантыңыз (гипертония, кант диабети, жүрөк оорулары, өпкөнүн өнөкөт оорулары, бронхиалдык астма ж.б)

Өзүңдүн абалыңды көзөмөлдөө:

- дене табын текшерүү

- жүрөктүн тагышып байкап туруу

- дем жетишсиздигин же жөтөлдүн пайда болушуна же көбөйүшүнө көңүл буруу.

Эгерде ден соолугунун абалы начарлай берсе (ысытма сакталса, жөтөл көбөйсө, дем алуу оорлошсо) мындан ары дарыланууну аныктоо же ооруканага жатуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге кабарлаңыз.

- антибиотиктерди жана башка далилденбеген вируска каршыдарыларды өз алдынча колдонбоңуз

- дарыгер көрсөтмөлөр боюнча сизге керектүү дарылоону дайындайт

Белгилер байкалса төмөнкүлөр сунушталбайт:

- коомдук жайларга баруу (дүкөн, дарыкана жана башка)

- тесттерди, кандын анализин жана өпкөнү компьютердик томография тарттыруу үчүн медициналык мекемелерге жана лабораторияларга өз алдынча келүү.

«Эгер мизде симптомсуз форма же оорулуу менен байланышта болсоңуз, анда 14 күн аралыгында обочолонуу режимин сактаңыз», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий