Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын президентине карашту Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча Резолюция кабыл алынды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, талкуунун жыйынтыгында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
— Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы стратегиясынын концепциясын негиз катары кабыл алуу;
— Жумушчу топту түзүү жана 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу;
— Коррупцияга каршы эл аралык күндү өткөрүү боюнча сунуштарды киргизүү.
Пикир
Оставить комментарий