• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кошумча наркка салык комиссиясы боюнча сот: Отурумду жылдырууну суранган жактоочу залдан чыгып кетти

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.07.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кошумча наркка салык комиссиясы боюнча соттун кезектеги отуруму өтүүдө.

Отурумда судья Эмиль Каипов төрагалык кылууда.

Отурумдун башында Азизбеков жана Мэлсовдун жактоочусу Азизбек Турдалиевдин жоктугуна байланыштуу кыска танапис жарыяланган. Дээрлик 1 саат кечигип келген жактоочуга судья эскертүү берген.

Өзүн жаман сезип жаткандыгын айткан Турдалиев отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн келтирип, болбосо отурумдан кетээрин айтты. Судья ага дагы эскертүү берип, беттеш учурунда өтүнүч келтирилбөөсүн айткан.

Судья Турдалиевдин өтүнүчүн кабыл албай, катчыдан акт түзүүнү суранган кезде жактоочу туруп, залдан чыгып кетти.

Азизбек Турдалиевге карата бир саатка кечигүүсү жана отурумду токтотуу максатында жыйындан кетип калгандыгы тууралуу акт түзүлгөн.

Эске сала кетсек, 2018-жылы УКМКнын кызматкерлери атайын операциянын жүрүшүндө чет элдик жалган фирмалардын (лжефирма) жасалма документтерин жана мөөрлөрүн аныкташкан. Мамлекетке карата келтирилген зыян 600 млн. сомду түзгөн. “Интеррустрейд” жана “Полларис” ЖЧКнун жетекчилери Б. Азизбеков жана А. Мэлсовдор КРнын Салык кызматынын жана Бажы кызматынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, республикалык бюджеттен 393 млн.сом өлчөмүндөгү каражаттарды чыгарып, 239 млн. 183 миң 598 сом көлөмүндөгү салыкты төлөбөй коюшкан – жалпысынан 632 млн. 183 миң 598 сом.

Айыпталуучулар катары жалпысынан 13 адам каралууда: Баязит Азизбеков, Арстанбек Мэлсов, Алмазбек Сагынбеков, Кубанычбек Кумашов, Дильбара Боронбаева, Эсенгул Кенжебаев, Айнура Байгазиева, Максатбек Бекирова, Медетбек Рыскулов, Замирбек Ниязалиев, Арзыгул Өмүркулов, Сабырбек уулу Султан жана Алишер Ишматов. Алардын ичинде 6 салык кызматынын, 3 бажы кызматынын өкүлдөрү жана жеке жактар бар. Бардыгына алдамчылык беренеси боюнча жана атка минерлерге ээлеген кызматын кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий