Кожошев: ЕАЭБ өзүнүн жашоого жөндөмдүүлүгүн көрсөттү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22 /Кабар/. Бүгүн, 26-майда Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтүп жатат. Бул аймактагы ири иш-чара, анын жүрүшүндө ар кайсы өлкөдөн келген адистер көптөгөн актуалдуу маселелерди талкуулашат. Иш-чара алты талкуу аянтчасына бөлүнүп, алардын жүрүшүндө 20 сессия өтөт. Тараптар экономика, санариптештирүү, логистика маселелерине токтолуп, учурдагы геосаясий абалдан чыгуунун жолдорун талкуулашат.

“ЕАЭБдин санариптик күн тартиби 2.0” панелдик талкуусунун жүрүшүндө “Стратегия 2025: келечектеги ЕАЭБдин образын түзүү. Жаңы чөйрөлөр жана ЕАЭБде кызматташуу багыты” сессия өтүүдө. Талкуу сессиясы азыркы жана болочок интеграциялык күн тартибинин актуалдуу маселелерине сырттан байкоочунун позициясынан калыс жооп берүүгө, интеграциялык процесстерди башкаруунун сапатына баа берүүгө, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн 2025-жылдан аркы интеграциялык өз ара аракеттенүүлөрүн тереңдетүү боюнча кадамдарын белгилөөгө мүмкүндүк берет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев өзүнүн кайрылуусунда ЕАЭБ биримдик түзүлгөндөн бери орун алган бардык чакырыктарга карабастан өзүнүн жашоого жөндөмдүүлүгүн көрсөткөнүн белгиледи.

“Өткөн жылдарда биз глобалдык өзгөрүүлөрдүн, анын ичинде коронавирус пандемиясынын күбөсү болдук. Мунун бары ар бир өлкөнүн коомдук-экономикалык абалына болуп көрбөгөндөй таасир этти. Мындай абалга карабастан ЕАЭБ өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Кыргызстан КР президенти тарабынан белгиленген багыттарга басым жасоону сунуштайт. Бул эң алды менен 2025-жылга чейин стратегиялык багыттарды өнүктүрүүгө киргизилген максаттарга жетүү. Экономикалык өнүгүү үчүн куралдарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу каралууда. Дагы бири өнөр жай жана айыл чарба тармагында кызматташтыкты жакшыртууга багытталган, ал атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү көтөрүп, тамак-аш коопсуздугун камсыздайт”, - деди Кожошев.

Ал баалардын соккусун түшүрүү боюнча саясат жүргүзүүнүн зарылдыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий